Павловниянын гүлдөгөнүн көрдүңүз беле? Оштун аллеясынын бийиктиктен көрүнүшү

«Ош жашыл чарба» ишканасынын жетекчиси Абай-Нур Большевиков соцтармактагы баракчасына Оштун аллеясынын бийиктиктен көрүнүшүн жарыялады.

«Ак-Ниет аллеясына келиңиздер. Бирок сындырмай, жулмай, таштанды ыргытмай, дарактын чокусуна чыгып кетмей жок! Баштан аяк бир басып өтүңүздөр эле, кадимкидей жашарасыздар. Буркураган жыты, сиздин эң жакын адамыңызды эстетет», — деп жазылат анын билдирүүсүндө.