Пекин тил жана маданият университетинде Чыңгыз Айтматовдун бюсту ачылды

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон сапарынын алкагында Пекин тил жана маданият университетинде кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстунун салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Иш-чаранын алдында Мамлекет башчысы университеттин Ардактуу конокторунун китебине жазуу калтырды. Садыр Жапаров өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун бюстунун орнотулушу анын дүйнөлүк маданиятка сиңирген эмгегин таануу символу гана эмес, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө умтулгандыгынын далили экенин баса белгиледи.

Президент бул эмгек Айтматовдун идеяларын жана чыгармачылыгын изилдөөгө үндөп, жаш муундар үчүн илхам булагы болоруна ишеним билдирди.