«Pfizer» вакцинасын качан, кайсы жерден алууга болот?

Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова журналисттерге Кыргызстанга бир күн мурда келген коронавируска каршы «Pfizer» вакцинасын качан жана кайдан алууга болорун айтты.

Анын айтымында, вакцинаны жеткирүү эртең мененкиге чейин уланган. «Эртең Бишкекке жана Чүй облусуна, андан кийин өлкөнүн түштүгүнө жеткирүүгө аракет кылабыз. Бишкектин бардык эмдөө борборлорунда бул вакцина ишембиде жеткиликтүү болот. Эч кандай чектөөлөр болбойт», — деди ал. 

Вакцина эки этаптуу. Кыргызстанда массалык эмдөө жазында башталган. Учурда биринчи дозасы менен 963,8 миң адам эмдөөдөн өтсө, 732,6 миң адам толук эмделген.