Популярдуу тиктокчунун кыргызстандык Арген менен тарткан видеосун 3 миллиондон ашык адам көрдү

Кыргызстандык Арген менен дүйнөдөгү эң популярдуу тиктокчу Хаби Лейм видео тартты. Видеону 3 миллиондон ашык көрүүчү көргөн. Видеодо Арген аркылуу популярдуу болгон Sigma челленджи колдонулган.

Хаби Лейм — 154 миллион катталган колдонуучусу бар италиялык тиктокер. Блогер өзүнүн видеолорунда жөнөкөй тапшырмаларды татаалдаштырган адамдарды тамашага салат. Өткөн жылдын ортосунан бери Хаби дүйнөдөгү эң популярдуу тиктокчу болуп калды.

СуперТВ телеканалынын Аргенбай менен болгон маегин төмөндөн көрө аласыздар.