Президент өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-апрелде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча ыкчам жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеге өлкөнүн бардык облустарынан саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери катышты. Республикадагы азыркы күндөгү эпидемиологиялык кырдаал жана аны жакшыртуу, турукташтыруу боюнча зарыл чаралар талкууланды.

Медициналык мекемелердин жетекчилери коронавирус пандемиясынын мүмкүн болгон үчүнчү толкунуна даярдыгы, керектүү дары-дармектер жана жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылынганы жөнүндө маалымат беришти.

Президент медициналык мекемелерди дары-дармектердин запасы менен жетиштүү камсыздоо жана аларга кошумча орундарды уюштуруу милдетин койду. Ошондой эле мамлекет башчысы коронавирус инфекциясын жуктурган учурларды эрте аныктоо боюнча иштерди күчөтүүгө көңүл буруп, тест-системалардын кошумча партияларын сатып алуу маселесин тезинен карап чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар менен тапшырмалар берилди.