Президент Садыр Жапаров Баткенге барды

Бүгүн, 3-апрелде Баткен облусунда өтүп жаткан «Коопсуздук — 2021» жана «Түштүктү калыптоо — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына президент Садыр Жапаров да катышып жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент менен кошо ӨКМдин, Коргоо министрлигинин, ИИМдин жетекчилери да жүрөт. Алар барган аскердик машыгуу жайында буга чейинки 2 күндүк машыгууда тартылган тасма көрсөтүлдү. Жапаров Баткендеги аскердик машыгууларды көргөндөй кийин энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп чыгат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 3-4-апрель күндөрү иш сапары менен Баткен жана Ош облустарында болот.