Жума, 30.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Президент Садыр Жапаров Мекен коргоочулардын күнү менен куттуктады

09:35 23.02.2022
0
Президент Садыр Жапаров Мекен коргоочулардын күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда кыргызстандыктарды Мекен коргоочулардын күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу: 

«Жолдош жоокерлер жана сержанттар, Жолдош офицерлер жана генералдар! Куралдуу күчтөрдүн кымбаттуу ардагерлери! Ар-намыстын жана эрдиктин үлгүсү болуп, Ата Мекенге ак ниет кызмат кылгандарга ар жылы 23-февралда башыбызды ийип, таазим этебиз. Бул күн ата-бабаларыбыздын Ата Журтубузду көздүн карегиндей коргоп келишкендигин эске салып, мекенчилдик сезимибизди козгоп турат. Анткени туулган жерди — Ата конушту коргоо ар бир кыргызстандыктын ары сыймыктуу, ары жоопкерчиликтүү атуулдук милдети.

Бул күнү жалпы кыргызстандыктар Мекен коргоочулардын баатырдык эрдиктерин эскерип, эл-жеринин тынчтыгы үчүн жанын бергендердин жаркын элестерине башын ийип, таазим кылып, сый-урмат көрсөтүшөт. Мындай мамиле менен жаңы өсүп келе жаткан жаш муундарга Мекен коргоонун, башкача айтканда, бул датанын маани-маңызы, түпкү максаты айкын болот. Ошентип келечек ээлери Мекен, атуулдук ариет, Ата Журт алдындагы милдет деген ыйык түшүнүктөрдүн барк-баасын билет.

Урматтуу мекен коргоочулар! Дүйнө жүзү улам жаңы коркунучтарга туш болуп жаткан маалда сиздер ар кандай кырдаалдарга жогорку деңгээлде даярдыкта болушуңар кажет. Мындай шартта мамлекет Куралдуу күчтөрдүн согуштук жөндөмүн өркүндөтүп, коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу, күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жакшыртуу аракеттерин тынымсыз көрүп жатат. Ошону менен бирге, аскер кызматчыларынын социалдык маселелерин чечүүгө олуттуу көңүл бурулуп келет.

Урматтуу мекендештер! Мекен коргоочуларыбызды бүгүнкү майрамы менен дагы бир жолу куттуктайм. Себеби берген антын бекем сактап, Мекен коргоо кызматын ак ниет аткаргандарга жана бүгүн да „Эр жигит — эл четинде, жоо бетинде“ болуп, эл-жерибиздин бейпилдиги үчүн кызмат өтөп жаткандарга бул майрам эки эсе кымбат. Ошондой эле эр-азаматтарыбыздан калышпай, аскердик кызматын так аткарып, Мекен коргоо милдетин сыймыктануу менен аткарып жүргөн аялзатынын мээнетин да баса белгилеп, чын дилимден куттуктайм.

Бүгүн эң жакшы сөздөрдү жалпыңыздардын үй-бүлөңүздөр жөнүндө айткым келет. Офицердин үй-бүлөсү — Армиянын адеп-ахлактык тиреги. Анткени алар аскердик жашоонун бардык кыйынчылыктарын сиздер менен чогуу сезип, оор түйшүгүн бирге көтөрүшөт. Мекенибизге кылган кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем! Үй-бүлөңүздөр менен бакубат өмүр сүрүңүздөр! Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, ийгиликтерди каалайм! Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн!».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Автор СЕРЕП МЕДИА
23:14 29.01.2026
0

  Мурдагы депутат Исхак Масалиев BBC’ге берге комментарийинде Жапаров менен Ташиевдин мамилеси фундаменталдуу жана туруктуу экенин айтты. "Буларды мурунку эки...

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Автор СЕРЕП МЕДИА
22:16 29.01.2026
0

  Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Клара Сооронкулова президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда — быйыл, 2026-жылы өткөрүү мыйзамдуу экенин билдирди. Анын айтымында,...

Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

Автор Айзада Тураркулова
14:37 28.01.2026
0

Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы 19 миң сомдү түзөт. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. "Азыр эле...

Садыр Жапаров: «Жеке автомектептердин көпчүлугү  айдоочуну сапаттуу  даярдоого кызыкдар болгон эмес.  Алардын негизги максаты — акча табуу»

Садыр Жапаров: «Жеке автомектептердин көпчүлугү айдоочуну сапаттуу даярдоого кызыкдар болгон эмес. Алардын негизги максаты — акча табуу»

Автор Айзада Тураркулова
14:19 28.01.2026
0

Өлкө башчыс Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүк алуу, жеке автомектептердин жабылуусу боюнча "Кабар" агенттигине маек берди. Ал "Жеке автомектептерди жаппай эле...

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Автор Айзада Тураркулова
14:56 27.01.2026
3

СерепТВ редакциясы учурда коомчулукта катуу талкууга түшкөн Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановго мурунку жубайы менен болгон чырынын айланасында пикирин билүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Кыздын кашын, чачын алып кыйнашкан. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Кыздын кашын, чачын алып кыйнашкан. Кылмышка шектүүлөр кармалды

15:47 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026
Кыздын кашын, чачын алып кыйнашкан. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Кыздын кашын, чачын алып кыйнашкан. Кылмышка шектүүлөр кармалды

15:47 29.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү