Президент Садыр Жапаров Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдардан кабар алды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 4-майда Бишкектеги тез жардам балдар клиникалык ооруканасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда массалык иш-чара учурунда жүк ташуучу унаа тебелеп кетип жабыркаган балдардан кабар алды.

Аталган окуяда жабыркаган балдардын абалы оор деп эсептелген оноо 3-майда атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Мамлекет башчысы дарыгерлер, балдардын ата-энелери жана коштоп келген туугандары менен баарлашты. Балдардын саламаттыгына кам көрүүгө эң мыкты дарыгерлерди тартууну, зарыл дары-дармектер менен толук камсыздоону тапшырды.

Президент Садыр Жапаров балдардын ата-энелери менен сүйлөшүүдө болгон окуяны терең өкүнүү менен белгилеп, массалык иш-чарадагы коопсуздук чараларына кайдыгер мамиле кылгандарга комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чара көрүлөрүн белгиледи.