Президентке үйүн тааныштырган 5 жаштагы кыздын эжеси: «Үйүбүз качан урап калат деп коркобуз»

Учурда социалдык тармактарда кичинекей кыздын өз үйүн президентке тааныштырып жаткан видео тарап жатат.  Ал бул үй жараксыз болуп 2-3 айдан кийин кулашы мүмкүн экенин айтты. Видео Нарындын Ак-Тал айылында тартылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дал ушул үйдө күн кечирип келе жаткан үй-бүлөнүн улуу кызы менен байланыштык. Анын айтымында, видеону тарткан 5 жаштагы сиңдиси. Үй-бүлөнүн башчысы 2020-жылы пандемия учурунда каза болуп калган. Апасы жалгыз 6 кыз, 1 уулун тарбиялап келет. «Бул үйдү атам тирүү кезинде тургузганбыз. Мал жандыгыбыз жок. Учурда үйдүн абалы кооптуу, качан урап калат билбейбиз. Коркуп жашайбыз. Чатыры да жок, ылай болчу. Катуу жаан же кар жааганда суу кирет. Көк жыттанып турат»,- деди ал.