«Президентти күтүп жатабыз» дейт Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу тууралуу комментарий берди.

«Президенттин келишин күтүп жатабыз. Келгенге чейин Баткен облусу боюнча штабдын ишин координациялайбыз. Биздин негизги милдетибиз – коңшу Тажикстандын биздин аймакты аткылоону токтотуусу. Биз алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, бирок андан майнап чыкпай жатат… алар кайрадан ок чыгарып жатышат», — деди ал.

Иманкулов белгилегендей, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр уланууда. «Алар [ок атышпоо боюнча] буйрук бердик деп айтышат окшойт, бирок иш жүзүндө бул аткарылбай жатат», — деди ал.