Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Үсөн Сыдыков каза болду

Мурдагы мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 78 жаштында каза болду. Алдын ала маалыматка караганда, ал узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 29-июлда саат 10:00дө Опера жана Балет театрынын алдындагы аянтта болот.

Үсөн Сыдыков Ош облусунун Хиля айылында туулган.

1995-2000- жылдары — Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты.

2005-2006-жылдары — Президенттин Администрациясынын башчысы (Курманбек Бакиев).

2006-2008-жылдары — Президенттин Мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген.

Ал «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидери болгон. 2010-жылы 14-майда Ноокатта камакка алынган. Кыргызстандын түштүгүндө контрреволюциялык акцияларды уюштурган деп айыпталган. 2010-жылы 2-июлда сот аны үй камагына чыгарган.