КТРКнын башкы креслосу 150 миң долларбы? Президенттин басма сөз кызматынын мурдагы башчысынын телефон сүйлөшүүсү делген аудио тарады

Интернет айдыңында президенттин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркуловдун сүйлөшүүсү делген аудио тарады. Ал бир ай мурда УКМК тарабынан ири суммадагы пара талап кылган деген шек менен кармалган эле.

Интернетке тараган үн монтаждалып, Анаркуловдун сөзү делген бөлүгү гана калган. Аны менен сүйлөшүп жаткан кишинин үнү кесип салынган.

Сүйлөшүүдө Анаркулов деп белгиленген адамдын “Канча бере аласыңар? Келгиле, эркекче сүйлөшүп алалы. Канча бериш керектигин мен чечем. Менин буйругум эки күндөн кийин чыккан. Булар ошого чейин  эле келип алып, Садыр Нургожоевич менен түз сүйлөшөт да. Ал жадагалса мени менен сүйлөшпөйт. Жанагы Үсөн деген 150 миң доллар берген. Анын 23 миң долларын Кубат Болотканов алган. Калган 15 киши 3 миң доллардан алышты. Бул жерде 150 миң доллар эмес, миллиард бар. Ошон үчүн баратат да” деген сөздөрүн угууга болот. Социалдык тармактарда бул сүйлөшүүнү КТРКнын башкы директору шайланар алдындагы кеп деп жоромолдогондор көп болууда. Сүйлөшүүдө аты аталып жаткан Кубат Болотканов коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы экенин эске салгандар да бар.

Садыр Жапаровдун президенттик аппараттын басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркулов УКМК тарабынан кармалып, учурда териштирүү иштери уланууда.