Шейшемби, 28.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Президенттин иш башкаруучусу «ипотека алууну каалагандардын кезеги өзгөрүп кетти» дегендерге жооп берди

10:49 19.12.2024
0
Президенттин иш башкаруучусу «ипотека алууну каалагандардын кезеги өзгөрүп кетти» дегендерге жооп берди

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына «мамлекеттик ипотека алууну каалагандардын кезеги өзгөрүп кетти» дегендерге жооп берди. «Президент бул системада кезекке тааныш аркылуу таасир этүү мүмкүн эмес экенин баса белгилеп, ар кандай мыйзамсыз учурлар жоопкерчиликке тартыларын айтты» деп жазды.

«Аз күндөрдөн кийин Мурас комплексиндеги ипотекалык үйлөр өз ээлерине берилет. Эл оозундагы электрондук кезек жана үлүш ээлерине берилген батирлер боюнча түшүндүрмө берейин.

Түшүнөм баарына бүгүн үй керек, бирок бир аз сабырдуу болуп турсаңыздар буюрса батирлер колуңуздарга тийет. 1-2 жылдын ичинде мындай нерсе токтойт, иш азыр президентибиздин колдоосу менен кызуу жүрүп жатат. Мурдагыдай 10-15 жылдап күтпөйсүздөр. Бүгүн мамлекеттик колдоонун алкагында курулган турак жайлар көп жылдардан бери кезекте турган жөнөкөй жарандардын үмүтүн орундатып жатат. Алгачкы батирлер үлүш ээлерине жана мамлекеттик кызматкерлерге берилген. Бул чечимдин негиздүү себептери бар.

Биринчиден, үлүш ээлеринин салымы менен мамлекет башка турак жайларды курууга мүмкүнчүлүк алды. Алардын каражаттары кайтарымдуу болуп, жаңы долбоорлордун ишке ашуусуна өбөлгө түздү.

Экинчиден, батирлер мамлекеттик кызматкерлерге берилди. Алар элге кызмат кылган, коом үчүн иштеген адамдар. Бул алардын жашоо шарттарын жакшыртуу менен бирге, коррупциянын алдын алуу кадамы катары каралууда. Мамлекеттик кызматкер өз үйүнө ээ болсо, ал ишин таза жана жоопкерчиликтүү аткарууга мүмкүнчүлүк алат.

Үчүнчүдөн, мурда социалдык ипотека жок болгон. Анын ордуна Министрлер кабинетинин чечими менен турак жайларды берүү үчүн артыкчылыктуу тизме түзүлгөн. Ал үчүн жарандар Мамлекеттик ипотекалык компанияга турмуштук абалын түшүндүрүп атайын арыз жазышкан. Ага биринчи кезекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды багып жаткан адамдар же үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандары барлар, андан сырткары жалгыз бой энелер жана көп балалуу үй-бүлөлөр кирген. Бул аракеттер жарандардын жашоосун жакшыртууга жана тең укуктарды камсыз кылууга багытталган.

Кийин ал артыкчылыктуу категориялар жок болуп, социалдык ипотека кошулган. Тагыраагы социалдык, жеңилдетилген жана жеткиликтүү ипотека боюнча категория түзүлгөн. Эми үйлөр бүтүп баштаганда биринчи кезекте мурда токтом чыгып, тизмеге кирип калган адамдарга берүүгө туура келди.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө бул программанын тарыхый маанисин белгилеп, алдыдагы пландарды жарыялады: “Бүгүн биз мамлекеттик турак жай программасынын алгачкы жемиштерине күбө болдук. Бул башталышы гана. Биз алдыда дагы 40 миңден ашуун батирди жарандарга тапшырмакчыбыз. Максатыбыз – ар бир кыргызстандыкты өз үйүнө жеткирүү”.

Эми кезек жөнөкөй элге келди. Жаңы курулуп жаткан турак жайлардан батирлер адилеттүү жана ачык негизде, электрондук система аркылуу берилет. Мамлекет элдин ишенимин актоо үчүн ар бир кадамды көзөмөлдөп жатат. Президент бул системада “кезекке тааныш аркылуу таасир этүү мүмкүн эмес экенин” баса белгилеп, ар кандай мыйзамсыз учурлар жоопкерчиликке тартыларын айтты. Эртең кезекте турган муктаж жарандар үчүн дагы жаңы үйлөр берилет. Буга мисал катары мурдагы колониянын оруна курулган турак жай комплекси. Бул жерде батирлердин бир бөлүгү жаза аткаруу кызматкерлерине, тактап айтканда алардын иш участкасына байланыштуу берилмекчи. Ошол эле учурда 250дөн ашуун батир муктаж жарандарга бөлүнөт. Бул батирлерди он жылдан бери кезекте турган жөнөкөй жарандар алып, өз жашоосун жаңы барактан баштайт. Биз ишти катуу баштаганыбызга бир жарым гана жыл болду, бирок жыйынтык бар. Эми мурдагыдай 10-15 жылдап күтпөйсүздөр, урматтуу президентибиздин тапшырмасы менен иш тездик менен жылууда»,- деп жазды ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:07 28.04.2026
1

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды....

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:15 28.04.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен ушул жылдын 28-30-апрелинде Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбенин Кыргыз Республикасына расмий сапары...

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:45 28.04.2026
0

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин Россия Федерациясына каршы санкцияларынын 20-пакетине Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын киргизилиши, анын ичинде биздин...

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:00 28.04.2026
0

Каттоо 16-май жана 20-май күндөрү саат 13:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында ЖРТ өтө турган борборлордо...

Майрам жана эс алуу күндөрүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын иштеши

Майрам жана эс алуу күндөрүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын иштеши

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:28 28.04.2026
0

1-майдан 10-майга чейин, май майрамдары мезгилинде, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иш алып барат жана жооптуу кызматкерлердин нөөмөтү уюштурулат. Бул...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

1
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

15:07 28.04.2026
Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

10:15 28.04.2026
Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

09:45 28.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү