Дүйшөмбү, 08.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Президенттин иш башкаруучусу «Нарын такыр каралбай калды» дегендерге жооп берди

16:29 23.06.2025
0
Президенттин иш башкаруучусу «Нарын такыр каралбай калды» дегендерге жооп берди

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев учурда социалдык тармактарда тарап жаткан Нарын облусунун өнүгүүсүн өлкөнүн башка аймактары менен салыштырган видео боюнча жооп берди.

«Нарын облусу такыр каралбай калды деген маңыздагы бул видео карапайым калктын ой пикирин бурмалап жатат. Анткени өлкөбүздүн башка аймактарындай эле, Нарын облусунда да ири жумуштар аткарылууда. Нарын облусу боюнча жалпы 9 миллиард 455 миллион сомдук инфратүзүмдүк обьектилер ишке ашырылууда.

Алар:

• Облус боюнча 2025-жылга 197,53 км чакырым жолго асфальт төшөөгө 1 млрд 466,9 млн сом каралып, иштер жүрүп жатат.

• 1 млрд 380,6 млн сомдук 98 обьекти планга (куруу — 31, мамлекеттик казыналык облигациялар боюнча — 14, капиталдык оңдоп-түзөө — 25, долбоордук-сметалык документтерин даярдоо — 28) киргизилип, жумуштар аткарылууда.

• Нарын шаары боюнча жалпы 146,4 млн сом — 6 объекттин курулушуна (2 саламаттык сактоо, 1 спорт, 1 бала бакча, 2 башка (инженердик тармак жана административдик имарат); 4 объекттин оңдоп-түзөөсүнө (3 мектеп, 1 спорт) каралган;

• Ак-Талаа району жалпы 82,6 млн сом — 7 объекттин курулушуна (1 мектеп, 4 бала бакча, 1 саламаттык сактоо, 1 маданият); 2 мектептин оңдоп-түзөөсүнө; 2 объекттин долбоорлоо иштерине каралган;

• Ат-Башы району 54,9 млн сом — 4 объекттин курулушуна (3 бала бакча, 1 спорт); 6 объекттин оңдоп-түзөөсүнө (5 мектеп, 1 маданият); 2 бала бакчанын долбоорлоо иштерине каралган;

• Жумгал району жалпы 183,4 млн сом — 5 объекттин курулушуна (1 мектеп, 3 бала бакча, 1 спорт); 5 объекттин оңдоп-түзөөсүнө (4 мектеп, 1 бала бакча); 10 объекттин долбоорлоо иштерине каралган;

• Кочкор району жалпы 279,7 млн сом — 5 объекттин курулушуна (2 мектеп, 1 спорт, 2 башка (автовокзал, административдик имарат); 7 мектептин оңдоп-түзөөсүнө; 8 объекттин долбоорлоо иштерин каралган;

• Нарын району боюнча жалпы 174,3 млн сом — 8 объекттин курулушуна (7 мектеп, 1 бала бакча); 5 объекттин оңдоп-түзөөсүнө (3 мектеп, 2 бала бакча); 6 объекттин долбоорлоо иштерине каралган.

• Ирригациялык системаларды курууга, оңдоп-түзөөгө 2 млрд 411,3 млн сом (Шамшы суу сактагыч-831,6 млн сом, Түгөл-Сай суу сактагыч -1430,3 млн сом) каралган.

• Мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан таза суу системасын курууга 2 млрд 895,2 млн сомдун каржылоосуна 43 айыл киргизилип, (биринчи этап менен 28 айыл жана экинчи этап менен 15 айылга) курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

• Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосунда 494 млн сомдук “Нарын шаарындагы ичүүчу суу жана саркынды суу системаларын реабилитациялоо” долбоор ишке ашырылууда.

• Нарын шаарын өнүктүрүүгө: 807 млн сом каралууда. Нарын шаарында Искусство, маданият жана инновациялар борборунун, шаардык мончонун, балдардын көңүл ачуучу борборунун курулушу жүрүүдө. Нарын шаарындагы автобекеттин азыркы имаратын реконструкциялоо иштери жасалып жатат.

Мындан тышкары, президенттин жеке демилгеси менен Нарын облусуна дагы 1 млрд сомго жакын кошумча каражат бөлүндү. Президенттин тапшырмасы менен мен жакында эле ал жакта болуп, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Нарын шаардык мэриясы жана райондук администрация башчылары менен биргеликте облус боюнча карап, эсептеп чыгып, биринчи кезекте курулушу керек болгон эң зарыл социалдык объекттердин тизмеси такталды. Бул багытта иштер башталып жатат.

Урматтуу Теңир-Тоону байырлаган мекендештер! Мамлекет башчыбыздын, ар бир Кыргызстандык үйлү болсо, жакырчылык түп тамырынан жоюлса, ар бир айылга чейин асфальт жетсе, элет жеринде шаардагыдай шарт түзүлсө, аймактар аралык каттам учак менен аткарылса деген изги тилеги бар, Аны менен арыштуу аракеттерин көрүп жатасыздар. Ооба буга чейин топтолуп калган көйгөйлөр чачтан көп, анын баарын бир заматта чечип жиберүү мүмкүн эмес. Бирок акыркы жылдары бюджетибиз бир нече өсүп, бардык тармактарда жылыштар “илбирстин секириндей” жанданды. Сабыр кылып турсаңыздар, жакын арада өнүгүүнүн түшүмү Кыргызстандын булуң бурчуна чейин жетип, анын ичинде Нарын облусунда сыймыктана турчу обьектилер курулат.

Өнөр жай, маданият жана инновация борборунун курулушу

• Биринчи кабаттын аянты: 1 666 м²

• Экинчи кабаттын аянты: 1 300 м²

• Үчүнчү кабаттын аянты: 1 278 м²

• Подвалдын аянты: 1 648 м²

• Жалпы аянты: 5 892 м²

• Сметалык баасы: 340 292 898,00 сом

Нарын шаарындагы шаардык мончонун курулушу:

• Биринчи кабаттын аянты: 576 м²

• Экинчи кабаттын аянты: 576 м²

• Үчүнчү кабаттын аянты: 576 м²

• Подвалдын аянты: 576 м²

• Жалпы аянты: 2 304 м²

• Сметалык баасы: 141 098 995,22 сом

Нарын шаарындагы автовокзалдын имаратын реконструкциялоо

• Бир кабаттын аянты: 612 м²

• Жалпы аянты (2 кабат): 828 м²

• Жалпы аянты: 1 440 м²

• Сметалык баасы: 53 467 679,98 сом

Балдарга арналган көңүл ачуучу борбор

• Бир кабаттын аянты: 648 м²

• Жалпы аянты (2 кабат): 1 296 м²

• Сметалык баасы: 74 202 326,76 сом

Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасына автобустарды жана микробустарды сатып алууга 30 000 000 сом»,- деп жазды ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

БШК кайсы шайлоо округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныды?

БШК кайсы шайлоо округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныды?

Автор Эдита Ильясова
15:28 07.12.2025
5

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда 13 шайлоо округундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныды. Комиссиянын отурумунда №29, №5, №30, №11, №20, №15,...

Зардалыга барчу жол 10 күндүн ичинде пайдаланууга берилет (видео)

Зардалыга барчу жол 10 күндүн ичинде пайдаланууга берилет (видео)

Автор Эдита Ильясова
15:14 07.12.2025
0

Кечээ, 6-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев аталган жолдун курулуш иштеринен кабар алды. 17,5 чакырымды түзгөн жолдо кеңейтүү жана...

Тоңдо 30 гектар жерге көчөт отургузулуп, күнөскана жана муздаткыч кампасы ишке берилди

Тоңдо 30 гектар жерге көчөт отургузулуп, күнөскана жана муздаткыч кампасы ишке берилди

Автор Эдита Ильясова
15:01 07.12.2025
0

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда токойлорду калыбына келтирүү жана аймактын экологиялык абалын жакшыртуу максатында бир катар иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Токой...

Өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окууда, 214 бала бакча карантинге жабылды

Өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окууда, 214 бала бакча карантинге жабылды

Автор Эдита Ильясова
14:30 07.12.2025
0

Өлкө аймагында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын күч алышына байланыштуу балдардын абалы Агартуу жана Саламаттык сактоо министрликтеринин, Мамлекеттик...

Эртеңден тартып өлкөдө абанын температурасы төмөндөйт

Эртеңден тартып өлкөдө абанын температурасы төмөндөйт

Автор Эдита Ильясова
13:53 07.12.2025
0

Эртең, 8-декабрда күндүз жана 9-10-декабрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, мезгил-мезгили менен кар...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
БШК кайсы шайлоо округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныды?

БШК кайсы шайлоо округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныды?

15:28 07.12.2025
Аялын жерге жаткырып алып, балдарынын көзүнчө тепкилеп жаткан жаран кармалды

Аялын жерге жаткырып алып, балдарынын көзүнчө тепкилеп жаткан жаран кармалды

12:43 07.12.2025
Өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окууда, 214 бала бакча карантинге жабылды

Өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окууда, 214 бала бакча карантинге жабылды

14:30 07.12.2025
БШК кайсы шайлоо округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныды?

БШК кайсы шайлоо округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныды?

5
Алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын атасы көз жумду

Алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын атасы көз жумду

09:21 08.12.2025
БШК кайсы шайлоо округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныды?

БШК кайсы шайлоо округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныды?

15:28 07.12.2025
Зардалыга барчу жол 10 күндүн ичинде пайдаланууга берилет (видео)

Зардалыга барчу жол 10 күндүн ичинде пайдаланууга берилет (видео)

15:14 07.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү