«Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн — Кара-кыргыз автоном облусун негиздөөчүлөрдүн сап башында тургандардын бири Иманалы Айдарбеков (1884-1938) азыркы Раззаков көчөсүндөгү ушул үйдө жашаган. Репрессия учурунда үй конфискацияланган. Айдарбеков акталганда урпактарына кайтарып берилген эмес. Айдарбековдун кызы Рафа Айдарбекова (1918-1996) ушул көчөдөн өткөн сайын балалыгы калган ушул үйдү көпкө телмире тиктеп, «атам, энем болуп чогуу жашаган үй эле!» деп эстеп калчу экен. Баса, эмдиги жылы Кара-кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, ал эми Иманалы Айдарбековдун 140 жылдык мааракеси! Бул үйдү мамлекет сатып алып, музейге айлантса кандай болот эле деген ой сокту», — деп жазды ал билдирүүсүндө.
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө
Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...











