Президенттин кеңешчиси: «Соцтармактын 80 пайызы «кармалгандары туура болду» деп жатышат»

Соңку кырдаал тууралуу президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев «Азаттыкка» маек курду.

Ал журналисттин «Кыргызстанда оппозициячыл маанайдагы 20дан ашуун активист, саясатчы камалды. Оппозиция жана жарандык коом болсо муну куугунтук катары сыпаттап жатат. Мындай сынга кандай жооп бересиз жана абалды жөнгө салууда эмнеге көңүл буруу керек?» деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди.

«Эң алгач мыйзамга көңүл буруш керек. Биз мыйзам сыйлаган, укуктук мамлекетти куруунун өткөөл учурларын башыбыздан өткөрүп жатабыз. Мында ушундай мыйзамсыз аракеттер да болуп кетип жатат, кармалган адамдардын «сөзсүз түрдө митингге чыгыш керек, миңдеген адам менен буларга көрсөтүшбүз керек» деген сүйлөшкөн сөзүн угуп жатасыздар. Андан атайлап башаламандык кылуу аракети түз эле көрүнүп тургандай. Социалдык тармактагы маанайды байкасаң деле пикир жазгандардын 80 пайыздан ашыгы же басымдуу көпчүлүк башамаландыктын кереги жок, кармалгандар туура болду дегендей мүнөздө болуп турат. Чын эле бизге тынчтык керек, биз дагы мыйзам менен жашаганды, шайлоо менен бийлик алмаштырууну үйрөнүшүбүз керек. Мына эки жыл өттү, дагы үч жылдан кийинки шайлоого даярданып, колунан келсе жеңип алышсын. Мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Болбосо беш-алты адам чогула калып, сырттан каражат келсе эле бийлик кубалап жиберели деген адатты такыр ташташыбыз керек болуп жатат», — деди ал.