Пульмонолог: «Коронавируска чалдыккандардын 80 пайызы дары ичпей, үйдө дарыланышы шарт»

Коронавирусту дарылоо боюнча бешинчи протокол эки аптанын ичинде даяр болот. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта бейтаптар төртүнчү протокол менен дарыланууда.

«Анда бардык кемчиликтер оңдолгон. Вирусту үйдө дарылоо, ооруканада кароо, сасык тумоо менен коронавирус аралашса эмне болот деген суроолордун баары камтылат», — деди пульмонолог.

Талант Сооронбаевдин айтымында, коронавируска чалдыккандардын 80 пайызы дары ичпей, рентгенге жана томографияга тартылбай үйдө дарыланышы шарт. “Азыр көйгөй дары жетишпей же дарылоо жоктугунан эмес. Маселенин баары ашыкча дары жазып берүүдөн улам келип чыгууда”, — деди пульмонолог.

Талант Сооронбаевдин айтымында, рентгенге жана томографияга бир гана врачтын айтымы менен тартылуу керек. “Илдет жуккан баштапкы беш күн ичинде ал көрүнбөйт. Алтынчы же жетинчи күндөн гана байкалат. Рентгенге жана томографияга барып тартылам деп, кезекте туруп башкаларга коронавирусту жуктуруп коюу мүмкүн. Дене табыңыз ысып турса, үйдөн чыкпаңыз”, — деди пульмонолог.