Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Аскерге чакыруу бүгүн башталарын айтты

Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Жарлыкка Орусиянын президенти кол коюп, элге кайрылуу жасады.

«Аскердик кызматка учурда запастагы жана биринчи кезекте Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөн, тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар гана чакырылат. Аскердик кызматка чакырылгандар бөлүктөргө жөнөтүлгөнгө чейин атайын аскердик даярдыктан өтүшөт», — деди ал.