Путин Кыргызстан менен абадан коргонуу системасын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө буйрук берди

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен бирдиктүү аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү буйруду. Документ укуктук маалымат порталында жарыяланды.

«Орусия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда эки өлкөнүн абадан коргонуунун бирдиктүү региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюу жөнүндө Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн сунушу кабыл алынсын», — деп айтылат документте.