Владимир Путин орус тилинин Кыргызстандагы макамы тууралуу сөз кылды

«Орус тилинин мамлекеттик статусун сактап калуу, Кыргызстан менен Россиянын мамилесинде өтө маанилүү экендигин баса белгилеп кетким келет»,- деп билдирди Орусиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда.

Путин Кыргызстанда орус тилинин расмий тил катары калышы алар үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

Садыр Жапаров бул Кыргызстан үчүн дагы маанилүү экенин айтты.

«Бул Кыргызстандын жарандарына Орусиянын эмгек базарында белгилүү бир артыкчылыктарды берет — кошумча экзамендер талап кылынбайт. Россия Федерациясына келген кыргызстандыктар үчүн кошумча кыйынчылыктарды туудурбайт. Дагы бир жолу кайталайм, бул эки тарапка тең маанилүү. Биз муну чогуу колдоого алабыз деген ишеничти билдиргим келет. Кыргызстандыктар орус тилин өз мекенинде үйрөнүү үчүн баарын жасайбыз. Бул жакта атайын пландарыбыз бар жана анын үстүнөн иштейбиз», — деди Путин.