Раиса Атамбаеванын 10 күндөн бери ооруканада экени маалым болду

Раиса Атамбаева кардиология бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жазып чыкты.

Анын айтымында, экс-президенттин жубайы 10 күндөн бери жүрөк оору, эс-учун жоготуу, алсыроо, кан басымдын түшүп кетишине байланыштуу дарыланып жатат.

3 жылдан бери мурдагы канайымдын ден соолугу начарлап кетти”, — деп жазды ал.