Коррупция беренеси боюнча соттолгон Райымбек Матраимов Муфтиятка имарат куруп берери талкууга түштү

Коррупция беренеси боюнча соттолгон Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына имарат куруп берет. 

Соцтармактарда жазылган маалыматтарга караганда, капсула салуу аземи болуп өткөн. Ага Муфтий Замир Ракыев, Райымбек Матраимов, депутат Шайлообек Атазов, Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров катышкан.

2020-жылы УКМК Райымбек Матраимовго бажыдагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. 2021-жылы ал коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны 260 миң сом айыпка жыккан. Анда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтурулганы, тагыраагы 2 миллиард сомду бюджетке которгону маалымдалган