Рак менен күрөшүп, өз жашоосу менен дем бергиси келген жигит эсиңиздеби? Жакында үйлөнөрүн айтты

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги буга чейин өзүнүн мотивациялары менен ТикТокту «жарып» жаткан Жыргалбек Кудайкулов менен маектешкен. Ал 24 жашта, 2-стадиядагы рак оорусу менен жабыркап келет. Буга карабастан ал өзүнүн колдонуучуларына дайыма күлүп жүрүүнү, жакындарга көңүл бурууну жана убакытты туура пайдалануу керектигин айтып келет.

Бүгүн, 23-майда редакция өзү менен байланышканда жакында үйлөнөрүн айтты. «Тойдун датасы 31-майга деп белгиленди. 2004-жылы туулган. Оштун кызы болот. Тойдон кийин жүзүн көрсөтүп, кенен маалымат берем», — деди ал.