“Ракка кабылсам таштап кетпеген күйөөмө рахмат” дейт кош бойлуу келин

Бишкек шаарынын тургуну Аида Мамажунусова кандын рагы менен жабыркап келет. Ал 22 жашта. 2019-жылы жолдошу Адилет Амангелди уулуна турмушка чыккан, учурда эки жарым жаштагы уулу бар.

Рак оорусу менен жабыркаган ал учурда кош бойлуу экенин да айтты. «Ракка кабылсам таштап кетпеген күйөөмө рахмат, ал азыркы убакта мен кылчу жумуштун баарын жасап жатат. Идиш жууйт, мени карайт, жуунтат, 3 айдан бери жанымдан жылбай келет. Мен жолдошума ыраазымын», — дейт ал.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Банктык эсеп: 2202 2032 3672 5034
МБанк: 0708 58 99 33

Каарманыбыз тууралуу кененирээк видеодон тааныша аласыздар: