«NEXT TV’нын ээси менмин, директорду эмес, мени камагыла». Мындай билдирүүнү соцтармак аркылуу саясатчы Равшан Жээнбеков жазып чыкты.
«УКМКдан бир канча айдан бери NEXT TV’ны жабуу үчүн кысым көрсөтүп жатышкан. Акыры себеп табышты. Эфирди өчүрүп, директору Таалай Дуйшембиевди камакка алышты. Бул жерде директордун кандай тиешеси бар? Мен ээсимин, андан көрө мени камагыла», — деп жазды ал.
Бүгүн, 4-мартта NEXT TV каналынын директору 48 саатка камакка алынганы маалым болду. Буга чейин аталган канал Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын айтканына шилтеме берүү менен маалымат жарыялап, аны социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылганы маалым болгон. Экспертиза бул маалыматта «улуттар аралык кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан.