Кыргыз Республикасынын грек-грим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 2-орунду ээледи.
Балбан 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Алгач 1/4 финалдык беттеште индиялык балбанды 11:7 эсебинде жеңди. Жарым финалдык беттеште япониялык балбанды 5:1 эсебинде уткан.
Алтын медаль үчүн беттеште Ирандын балбаны Саид Эсмаилиден утулуп калды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram