Кечээ, 22-декабрда Бишкек шаарындагы “Жаштык” кичи аренасында чоңдор арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылышы болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Хорватияда өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген спортсмендерге жана машыктыруучулар курамына бир жолку акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Бекзат Алмаз уулу — 57 килограммга чейинки салмак категориядагы эркин күрөш боюнча 2-орун 750 000 сом;
Айпери Медет кызы — 76 килограммга чейинки салмактык категориядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча 2-орун 750 000 сом;
Эрназар Акматалиев — 70 килограммга чейинки салмак категориядагы эркин күрөш боюнча 3-орун 500 000 сом;
Нурзат Нуртаева — 72 килограммга чейинки салмак категориядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча 3-орун 500 000 сом;
Асан Жанышов — 87 килограммга чейинки салмактык категориядагы грек-рим күрөшү боюнча 3-орун 500 000 сом;
Азат Мирахимов — эркин күрөш боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу (2-орун – Бекзат Алмаз уулу; 3-орун – Эрназар Акматалиев) 312 500 сом;
Эламан Догдурбек уулу — эркин күрөш боюнча курама команданын улук машыктыруучусу (2-орун – Бекзат Алмаз уулу; 3-орун – Эрназар Акматалиев) 250 000;
Уран Жузуп уулу — грек-рим күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу (3-орун – Асан Жанышов) 125 000 сом;
Азат Бейшебеков — грек-рим күрөшү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу (3-орун – Асан Жанышов) 100 000 сом.
Бир жолку сый акы Министрлер кабинетинин кошумча каражат бөлүү тууралуу тескемесинин негизинде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бюджетинен берилди.
Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. Бүгүн, 9-апрелде төртүнчү мелдеш күнүндө килемге кыз-келиндер күрөшүнүн өкүлдөрү чыгып, 53, 57, 62,...
Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. Аталган мелдеште грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев алтын медалга...
Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы финалга...
8-апрелде Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова финалга...
Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. Бүгүн, 8-апрелде, мелдештин үчүнчү күнү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер башталып, анда 50,...