Ректор: «Садыр Жапаров чындап эле университетте окуп, дипломун жактаган»

Коомчулуктун кызыгуусуна байланыштуу Кыргыз-Орусиялык Славян университети Садыр Жапаровдун 2006-жылы юридикалык факультеттин сырттан окуу бөлүмүн аяктаганын тастыктайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда университеттин ректору Владимир Нифадьев билдирди.

«Садыр Жапаров 2006-жылдын 19-майында «Жогорку Кеңештин депутатынын конституциялык-укуктук статусу» деген темадагы дипломдук ишин «эң жакшы» деген баага жактаган. Ага ЖОЖдун бардык студенттериндей эле кыргыз жана орусиялык үлгүдөгү диплом тапшырылган», — деди ректор.

Садыр Жапаров 1991-жылы Дене тарбия жана спорт институтун, 2006-жылы Кыргыз-Орусиялык Славян университетин аяктаган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасында «Бизде президент Садыр Жапаров мени менен бир жылда Кыргыз-Орусиялык Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Бирок анын группалаштары кимдер жана ал мамлекет менен укуктун теориясын эстейби?» деген суроо салган.