«Рух Ордодо» комуздун формасында эң чоң пирс салынып жатат. Өлкө башчысы суроо салды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 5-майда соцтармактагы баракчасына бир маселе боюнча сурамжылоо кылып коёюн деп чечкенин жазды. Анын айтымында, Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” туристтик комплекси былтыр мамлекеттин карамагына өткөн.
«Албетте, мурда жакшы каралбай калгандыктан кунары кача түшкөн. Быйыл оңдоо-түздөө иштерин жүргүзө баштадык. Кудай буюрса, жакын арада туристтерди кабыл алып баштайт.

Мына ушул “Рух Ордого” эң чоң пирс салынып жатат. Ал пирс формасы комуздун түспөлүн көрсөтүп турат. Ортосунда боз үй форамасында айнек ресторан болот. Ресторанда улуттук тамактар гана берилет. Тейлөө кызматындагылар улуттук кийим кийишет. Кыскасы улуттук колоритибизди көрсөткөн туристтик комплекс кылалы деп иш баштаганбыз. Кечээ эле өзүм барып иштин жүрүшү менен таанышып келгем. “Быйылкы жайкы туристтик сезонго даяр кылабыз” деп куруучулар сөз беришти. Анан мага бүгүн пресс катчым телефон чалып “Социалдык түйүндөрдө комуздун формасы түшүрүлгөн пирске катуу сын айткандар көп болуп жатат” деп билдирди. Мына ошондуктан жалпы коомчулуктан сурамжылоо кылам», — деп жазды ал.

Ким колдосо, “ооба” деп, колдобосо “жок” деп добуш берсе болот. Президенттин айтымында, сөзсүз көпчүлүктүн каалоосу эске алынат. “Жок” дегендер көптүк кылып кетсе, анда долбоорду өзгөртүп коюш беш секундда экенин кошумчалаган.