Рух-Ордодогу фестивалдын үзгүлтүккө учурашы. Депутат буга тынчтык жөнүндө мыйзамынын тиешеси жок экенин айтты

27-июлда Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Рух-Ордо» маданий борборунда «Бир тууган» фестивалы өтүп, аягына чыкпай иш-чара токтотулган. 

24.кж басылмасы күбөлөргө шилтеме берип, жарык, музыка жогорудан келген буйрук менен өчүрүлгөнүн жазды. Концерт үзгүлтүккө учурап, жарык өчкөн соң, “Жымжырттык мыйзамына” байланыштуу шоу бүттү деп жарыяланган. 

Уюштуруу комитети кийинчерээк концертти өздөрүнөн көз каранды болбогон себептерден улам аягына чыгара албай калганын түшүндүрдү. Жарык, үн, музыка бир убакта өчүрүлгөн.

Музыканы өчүрүү чечимин ким жана эмне үчүн кабыл алганы белгисиз бойдон калууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасында пост жарыялады.

«Уюштуруучулар, көрүүчүлөрдү аядым. Тынчтык жөнүндөгү мыйзамдын фестивалдын үзгүлтүккө учурашына эч кандай тиешеси жок. Иш-чараларды резиденциядан алыс өткөргүлө»,- деп жазды ал.