Руслан Казакбаев коронавирус жуктуруп, ооруканада дарыланууда

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев коронавирус жуктурганына байланыштуу ооруканага жаткырылып, изоляцияга алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

«Зарыл болгон учурда видеоконференция түрүндө байланышка чыгып жатат. Ал дарыгерлердин уруксаты берилгенден кийин дароо жумушуна кайтып келет», — деп айтылат маалыматта.

Казакбаев азыр кайсы жерде дарыланып жатканы айтылган жок.