Казакбаев Түркмөнстандын министри менен Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусун талкуулады

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев түркмөн тараптын демилгеси менен Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри Рашид Мередов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, тышкы саясат ведомстволорунун башчылары 5-6-августта Түркмөнстанда өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусун уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелерди талкуулашкан.

«Тараптар Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу бийик деӊгээлде жүргүзүлүп, регионалдык кызматташууну андан ары бекемдөөгө жана кеӊейтүүгө дем берерине ишеним артышты. Ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында өтүүгө пландаштырылган бир катар маанилүү иш-чараларды уюштуруу боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду»,- деп айтылат маалыматта.