Руслан Түмөнбаев интернетке тараган видео боюнча комментарий берди

Кыргызстандык спортчу, 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев АКШдагы мелдеште чыккан чыр боюнча АКИpress редакциясына комментарий берди.

Түмөнбаевдин айтымында, бул мындан 4-5 ай мурун болгон. Беттешүүгө турнирдин катышуучуларынын бири Түмөнбаевди жана анын үй-бүлөсүн кемсинткени себеп болгон. Спортчу эч ким жабыркабаганын, чыр-чатактар ​​жөнгө салынганын белгиледи. «Мен уюштуруп жаткан спорттук мелдеш башталмак. Бул видео турнир баштала электе эле таратыла баштаган. Менимче, алар муну атайын кылышты», — дейт Түмөнбаев.