Эверестти багындырган жеке ишкер Рысгүл Акимжанова «Вертолет менен чокуга чыкты» деген сөздөр боюнча комментарий берди.
«Жалган маалыматтарды тараткандарды сотко берем! Сот процессинде судья маалыматты тактоо үчүн расмий түрдө Непалга жана сапарды уюштурган компанияга сурам жөнөтөт. Анан мамлекеттик деңгээлде териштирүү башталат.
Эч бир жерде айтылбаган, жазылбаган пилоттун «мен Рысгүл Акимжанованы ташыдым, мага 10 миң доллар берди, анан мага рахмат айтпай койду» деп айтты деген сөзү үчүн пилот да маалымат тараткандарды сотко берет. Эгерде пилот вертолет менен альпинистти кайсы бир бийиктикке таштаганы чын болсо, анда анын лицензиясы алынып, жумушунан кетет! Вертолеттук компания эбегейсиз айып пул төлөп, ишмердүүлүгү жабылат. Капкаяктагы жок шерпалар жөнүндө да маалымат үчүн непалдык компания жооп берет, мамлекетинин алдында. Бирок алар да жалган маалыматты тараткандарды сотко берет. Иши кылып, боткобуз чыгып, даңкыбыз дүйнөгө тарайт окшойбуз.
Түнү менен биздин белгилүү эле эл сыйлаган эркектерибиз пилотко, компаниянын башчыларына чалып алып, ар интриганы айтышып, башын оорутуп, буларды нес кылышыптыр. Алардын жоруктарын айтып, таң калып жатышат. Баарынан мени уялдырганы, бир нече кишинин ички эмоциясынын айынан коңшу мамлекеттерге уят болуп жатабыз. Эми кошуналар калып, бүтүндөй Непалга уят болгону калдык.
«Дүйнө жүзүнө жеткен Эверестти бир кыргыз кызына кыргыздар ыраа көрбөй жатат. Тоолуу аймакта турушуп, 5 кыргыз Эверестке чыкса, аны да сиңире алышпайт. Тоолуу аймакта туруп, альпинисттери биримдик эмес» жана башка ушул сыяктуу сөздөр баары бир айтылат. Анткени дүйнөлүк альпинисттик коом чоң эмес болгондуктан, бири бирин таанышат. Азыр Кыргызстандын альпинисттеринин репутациясын, ички маданиятын жана кыргыз коомчулугунун натурасын дүйнөлүк альпинизмдин ортосуна «ме көргүлө, кыргыздар ушундайбыз» деп таштап жатабыз.
Мени элдин сөзү эмес, башкалардын алдындагы намыс өлтүрүп жатат. Өлдүм намыстанып. Аларга кайра жууп-жайкап, «алар түшүнбөй калышкан го» деп «артис» болуп жатам намысыман. «Кыргызмын!» деп айткым келет, «ии, кыргыз элем» деп уялгым келбейт. Анткени, ар бир альпинисттен Кыргызстан жөнүндө сурасаң билет, көбү Кыргызстанда болгон, баары жакшы сөздөр менен тоолорду, элди макташат. Алардын Кыргызстан боюнча элеси, пикири өтө сонун. Азырынча», — деп жазды ал.