Саат 06:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч

Бүгүн, 4-июнда саат 06:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тажикстандын аскер кызматкерлери делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери жыйынтыкталганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жазылбаган тилкелерде кандайдыр-бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу мурда жетишилген макулдашууларга карабастан, жетишилген келишимдерди бузуу менен 4-июнда таңкы саат 03:00дө Кыргыз Республикасынын аймагына 1000 метр кирип келип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Унжу-Булак» мамлекеттик чек арасынын жазылбаган тилкесинде контейнер орноткон. Муну менен тажик тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды курчутууда, бул коңшулук жана достук мамилеге туура келбейт.

Буга байланыштуу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын делегациясынын жетекчиси эсептелген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев менен биргеликте түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн аталган жерге жөнөп кетти.

«Кыргыз тараптан абалды жөнгө салуу боюнча бардык иштер жүрүп жатат. Бирок Тажикстандын Чек ара кызматы телефон чалууларга жооп бербей жатышат. Аймактагы чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда», — деп айтылат маалыматта.