Саат 12:40ка карата кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтоду

Саат 12:40ка карата кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтоду, бирок абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

«Ок атышуу токтоду. УКМКнын чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгын жетектеген Кыялбек Төлөнбаев коңшу өлкөнүн Согду облустук чек ара башкармалыгынын башчысы Хикматулло Пиракзода менен болгон сүйлөшүүсү уланууда»,- деп айтылат маалыматта.