Саат 14:00гө карата 25 миң 823 шайлоочу добуш берди

Бүгүн, 27-февралда Бишкектеги №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат.

Саат 14:00гө карата эки округ боюнча 25 миң 823 шайлоочу же жалпы шайлоочулардын 11,76 пайызы добуш берди. Биринчи Май райондук округунда 9 миң 469 шайлоочу добуш берди. Бул 8,37 пайызды түзөт. Ал эми Свердлов райондук округунда 16 миң 354 шайлоочу өз талапкерин тандоо кылды. Бул 15,35 пайызды түздү.

Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт. Шайлоого 50 талапкер катышууда. Шайлоочулардын тизмесине 219 миң 654 адам кирди, анын ичинен 92 миң 587 эркек, 127 миң 67 шайлоочу аял.