Чек ара кызматы: «Атышуулар уланууда, тажик тарап чек арага оор техникаларды тартып жатат»

Саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу уланууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргыз тарап тажик тараптын чек ара аймагына аскердик техникаларды тартып жатканын байкашкан.

«Ведомство кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.