Саат 15:30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Бүгүн, 6-июнь саат 15:30га карата Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын делегациясынын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын жазылбаган аймагына тартылган кошумча күчтөрүн жана мүлкүн алып кетүү аяктаган. 

Учурда аталган аймакта аскер кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Буга чейин эки өлкөнүн УКМК башчылары чек ара боюнча протокол кабыл алышканы маалымдалган.