УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн мамлекеттик комиссиясынын жетекчилери катары 5-июнда биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Алардын билдирүүсүнүн тексти өкмөттүн сайтында жарыяланды.
“5-июнда мамлекеттик чек аранын “Карамык” тилкесинин 12/9 чекитинде тараптардын Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларынын жумушчу жолугушуусу өттү. Тараптар аталган чекитте жаралган кырдаал тынчтык жолу менен чечилгенин кабарлашат”, — деп айтылат маалыматта.
Эки өлкөнүн УКМК төрагалары төмөнкүдөй мазмундагы протоколго кол коюшту.:
— Чек ара постторун ар бир тарап өзүнүн аймагына карай 3 чакырымга жылдыруу;
— Аскерлерди, аскердик жабдууларды өздөрүнүн ар дайым жайгашкан жерине кайтаруу, чек ара топторунун штаттык бөлүмүн гана калтыруу;
— Ушул тилкедеги жайыттарды пайдалануу боюнча чечим кабыл алынды;
— Мамлекеттик чек арадагы бардык аракеттер эки тараптын төрагаларынын алдын ала макулдашуусу менен жасалышы керек;
— Тараптардын чек ара кызматкерлери жүрүм-турум линиясын сакташы керек;
— Массалык маалымдоо каражаттарына мурда кол коюлган протоколдордун алкагында, эки тараптан макулдашылган маалыматтарды гана берүү;
— Топографиялык жумушчу топтордун жетекчилерине Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы №12\2 чекитинен №12\9 чейинки аралыкты кыска мөөнөттө тактоону аяктоо тапшырмасы берилди;
— Тараптар чек ара аймактарындагы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
— Тараптар ушул протоколдун пункттарын катуу сактоону макулдашты;
Протоколго Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол койгон.