Бүгүн, 28-апрелде Баткен, Ош жана Кара-Суу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Шайлоочулардын тизмедеги саны — 349 миң 798 адам. Добуш берүү убактысы 8:00дөн 20:00гө чейин.
Баткен округу боюнча 18 миң 967 адам (16,88 пайыз) добуш берди.
Ош округу боюнча 15 миң 851 адам (12,64 пайыз) добуш берди.
Кара-Суу округу боюнча 12 миң 644 адам (11,29 пайыз) добуш берди.