Саат 17:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу

Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунда орун алган чек арадагы окуяларга байланыштуу, бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек ара тилкелериндеги аймактарда кайгуул күзөт уюштурулуп, милициянын көчмө кабылдамалары жарандардын арыз-кайрылууларын кабыл алышууда.

«Ош-Исфана автожолуна тосмо посттор коюлуп, облус аймагына кирип чыгып жаткан жарандарга күнү-түнү түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Баткен облусуна аймактардан келип жаткан гуманитардык жардамдар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматтык автоунаалары менен айтылган даректерге коштоп жеткирилүүдө. Азыркы күндө Баткен облусунда абал туруктуу»,- деп айылат маалыматта.