Саат 18:00гө карата 40 миң 970 шайлоочу добуш берди. 2 сааттан кийин шайлоо тилкелери жабылат

Бүгүн, 27-февралда Бишкектеги №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат.

Саат 18:00гө карата эки округ боюнча 40 миң 970 шайлоочу же жалпы шайлоочулардын 18,65 пайызы добуш берди. Биринчи Май райондук округунда 15 миң 529 шайлоочу добуш берди. Бул 13,73 пайызды түзөт. Ал эми Свердлов райондук округунда 25 миң 441 шайлоочу өз талапкерин тандоо кылды. Бул 23,88 пайызды түздү.

Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт. Шайлоого 50 талапкер катышууда. Шайлоочулардын тизмесине 219 миң 654 адам кирди, анын ичинен 92 миң 587 эркек, 127 миң 67 шайлоочу аял.