Саат 21:50 чамасында Кара-Бак айылы менен чектешкен аймакта тажик тараптын оор техникалары даярдык көрүүдө

Саат 21:50 чамасында Кара-Бак айылы менен чектешкен аймакта тажик тараптын оор техникалары даярдык көрүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

«Саат 20:49да Чек ара кызматынын 2001-аскер бөлүгүнөн берген маалыматына ылайык, Көк-Таш айлындагы чек ара заставасында ок атуу болуп жатканын, Төрт-Көчө жана Үч-дөбө тилкелеринде Тажикстандын чек арачылары тарабынан миномет жана гранатомет колдонуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилген.

Саат 21:50 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылы менен чектешкен Тажик Республикасынын Ляккон айылынын чек ара постунда тажик аскерлери 3 БМП, 1 БТР 5 миномёт жардыруучу оор техникалары менен даярданып жаткандыгын билдирген», — деп жазылат маалыматта.