Сабак учурунда окуучулардын түз эфирде отурган видеосу боюнча мэрия үн катты

Мугалимди сыйлабагандык боюнча Бишкек мэриясы билдирүү таратты. Буга чейин социалдык тармактарда окуучунун сабак учурунда түз эфирге чыгып, мугалимди сыйлабаган мамилесин көрсөткөн видео жарыяланып, коомчулуктун кыжырын кайнаткан.

Билим берүү министри Каныбек Иманалиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Арстанбекова №91 орто мектеп-гимназиясында болушту. Министр окуучу бала жана мугалим менен жолугушуп, баланы ар дайым мугалимди сыйлоого чакырды. Окуучу түз эфирде кылган жосунсуз жоругу үчүн эжейинен жана жалпы мугалимдерден кечирим сурап, кайталабоого сөз берди.

Мектеп жетекчилигине балдардын жана ата-энелердин психологдор менен жолугушуусун уюштуруу, тарбиялоо боюнча класстык сааттарды өткөрүү тапшырылды. Ошондой эле министр мыкты мугалимдер, мектеп жана билимдин мааниси тууралуу видеоролик тарткан окуучуларга атайын сыйлык ыйгарарын кошумчалады.

  • ТикТок социалдык тармагында мугалим сабак өтүп жаткан учурда түз эфирде отурган окуучулардын видеосу тарап, көпчүлүктүн кыжырын кайнаткан. Видеодо окуучунун эжейин көзгө илбей, уят сөздөрдү сүйлөп жаткан. Видео Бишкектеги №91 гимназияда тартылганы маалым болгон. Кийин окуучу кечирим сураган.