Сабырбек Жумабеков: «Алымкадыр Бейшеналиевдин сүйлөгөн сөзүнүн баары жалган»

«Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин сүйлөгөн сөзүнүн баары жалган. Далилденген эмес. Анын коомдогу аты «патологиялык жалганчы» деп аталат». Бул тууралуу 4-оорукананын директорлук кызматынан кеткен Сабырбек Жумабеков соцтармактардагы баракчасында билдирди.

«Мисалы, бул мекемени мен менчиктеп алыптырын. Бул мамлекеттики, мен кетсем да мамлекеттики болуп кала берет. Бул шаардык мэрияга караган имарат жана жер. Эч качан менчиктештирилген эмес. Бул жалган. Дагы айтып жатат «бул жакта жакындарына дарыкана ачып берген» деп. Мен дарыкана ачып бере албайм. Анткени имарат, жер меники эмес», — деди ал.