Сабырбек Жумабеков: «Бейшеналиевдин балдарды сүннөткө отургузгандан башка эч нерсе кыла албайт деген аты бар»

«Министр болгуча Алымкадыр Бейшеналиевди Кыргызстанда эч ким таанычу эмес». Бул тууралуу SUPERTV каналына маек берип жатып кызматтан алынган 4-оорукананын мурдагы башчысы Сабырбек Жумабеков билдирди.

«Бул кишинин эл арасында балдарды сүннөткө отургузгандан башка эч нерсе кыла албайт деген аты бар. Аты жок да, буга караганда практикалык хирургдардын аты бар. Анын мага болгон көйгөйү бар деп ойлойм. Ошону сыртка чыгарып, мени жумуштан алып, жок кылам дейт, Жумабеков эч качан жоголбойт», — деди ал.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүштү. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын айтты. Ал эми анын ордуна жаңы дайындалган жетекчини ооруканага киргизбей коюшту.