4-оорукананын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков журналисттерге бүгүн, 11-февралда президент Садыр Жапаров менен жолугарын билдирди.
Бүгүн эртең менен Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жапаркул Ташиев, Саламаттыкты сактоо министрлигинин юристи Азамат Жумакеев, Клиникалык тез жардам ооруканасынын жаңы башкы дарыгери Дамир Дүйшөновду жамаатка тааныштыруу үчүн ооруканага барышкан. Мурдагы директор иш бөлмөсүндө кызматкерлер менен жыйналыш өткөрүп чыккан соң, президентке жолугарын айткан.
«Саат 10до президент менен жолугушуум бар. Жолугушуудан кийин чечимимди билдирем», — деди ал.
Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар оорукананын алдында митинг өткөрүшкөн. 4-февралда министр Сабырбек Жумабековдун кызматтан алынганын айтып, анын ордуна жаңы дайындалган жетекчини ооруканага киргизбей коюшкан.