Сабырбек Жумабеков кайрадан 4-оорукананын директору болуп дайындалышы мүмкүн

Сабырбек Жумабеков кайрадан 4-оорукананын директору болуп дайындалышы мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүктү жаңы саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова карап жатат.

«Мындай кадрлардын тажрыйбасын пайдаланып, эмгегин баалашыбыз керек. Борбордун кызматкерлеринин бир бөлүгү Улуттук госпиталга, экинчилери Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына кетишти. Мен травматологдорду чогултуп, бул маселени кайра карап чыгуу керек деп ойлойм», — деди ал.

Февраль айынын башында министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүшкөн. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын айткан.