Президент Садыр Жапаров 12-13-май күндөрү иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Эки күндүк иш сапарынын алкагында мамлекет башчы бир катар аймактык объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышып, социалдык объектинин ачылышына катышат, ошондой эле мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырмакчы.